“Бишкек жашыл чарбасы” ишканасы муктаж үй-бүлөлөргө жардам иретинде 700 куб отун бөлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жашоосу оор, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодон турган үй-бүлөлөргө кышка карата ар бирине 1,5 куб кургак отунду бекер беришет. Отун ала тургандардын тизмесинде 500 үй-бүлө бар. Бүгүнкү күнгө карата 468 үй-бүлөнүн үйүнө жеткирилп берилген. Жыгач отундан тышкары таш көмүр менен да камсыз болушкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ