КРнын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө Улуттук көркөм өнөр музейинде ачылды. Бул тууралуу аталган музейдин администрациясы бүгүн билдирди.
Алардын айтымында, көргөзмө 23-ноябрга чейин (майрам күндөрү да) иштейт. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн колунан жаралган көркөм эмгектери коюлган.
Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган “Эсимде” аттуу көргөзмөсү алардын баласы Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен 15-октябрда ачылган. 10-ноябрга чейин көргөзмө уланууда. 30-октябрда Сүймөнкул Чокморовдун музейинде “Сүймөнкул Чокморов” аттуу үч (кыргыз, орус, англис) тилде китептин бет ачары болгон. 17-ноябрда – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Дал ошол күнү жаңы айкели да тургузулат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ