Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драм театры орус өкмөтүнүн “Чоң гастролдор” федералдык программасына катышмай болду. Бул тууралуу 6-ноябрда театрдан билдиришти. Орусиянын маданият министрлигинин гастролдук ишмердүүлүктү колдоо борборунун жардамы менен биздин театр 7-17 ноябрда Орусияга гастролго кетишет.
Он күндүн аралыгында Уралдын үч ири шаарлары Магнитогорск, Челябинск, Курган шаарларында “Айбанат окуялары” (автор – Дон Нигро) жана “Саманчынын жолу” (Ч.Айтматов) спектаклдерин коюшат.
Актерлор курамы, тейлөөчүлөр, администрация болуп, жалпы жонунан 50 киши барат. Толугу менен Орусиянын маданият министрлиги тарабынан каржыланат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ