Бир тууган агасын мыкаачылык менен өлтүргөн бала сегиз жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайты жарыялады.
Алардын маалыматына караганда, бул окуя Ошто болгон. 23 жаштагы бала мас абалында 28 жаштагы агасы менен уруша кетип, аны темир менен башка чаап, тепкичтен түртүп жиберген. Агасы ошол жерден көз жумган. Ал кылмыш ишин жашыруу үчүн агасынын сөөгүн өрттөп, талаага алып барып көмүп салган. Бир жылдан кийин кылмыш иши билинип, кармалып, соттолуп отурат.
Тергөө маалында ал өзү эмес, агасы мас болуп алып аны сабаганын, аны эле эмес, апасы менен карындашына да кол көтөргөнүн, аргасыздан ушундай жолго барганын айтып берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ