5-ноябрда ЖАМКнын кайтаруу жана күзөт департаментинде дагы бир жоокер бала каза болгону маалым болгон. Ал эмне болуп каза болгонун ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 5-ноябрда, Кадамжай районунан келген жоокер кечинде жатууга даярданып жатканда өзүн жаман сезгенин айтып, жерге кулап түшкөн. Ал тез жардам келгенче көз жумган. Бул боюнча экспертиза жүрүрүүдө. Аскер прокуратурасы аскердин өлүмүн иликтөөгө киришти. Чогуу кызмат өтөгөн балдар суралууда.
Эске сала кетсек, буга чейин 5-ноябрда ЖАМКнын кайратуу жана күзөт департаментинде аскер бала токко урунуп каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ