Түркмөнстандын бийлиги 2019-жылы пахта терүү планы аткарылганын жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү TDH агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, жалпысынан 1 миллион 50 миң тонна пахта чогултулган.
Мамлекеттик телеканалдар өлкө президенти бардык аймактардын жетекчилерин, анын ичинде Ахал облусун башкарган уулу Сердарды орден менен сыйлоо тууралуу тапшырма бергенин жарыялашты.
Мындан он күн мурун «Эркин Европанын» түркмөн кызматы өкмөттөгү өз булактарына таянуу менен түшүм төмөн болгондуктан, быйыл пахта планы аткарылбай каларын билдирген.
Turkmen.News басылмасы болсо план 40% гана аткарылганын жарыялаган. Басылма президенттин уулу жетектеген Ахал облусунда да көрсөткүч начар экенин, жазында баары буудай талааларына көңүл бөлүп, пахта унутта калганын жазган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ