Ырчы Анжелика Кайратова «Супер-инфо» гезитинин журналисттерине нааразы болууда. Ал мындай маалыматты өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда ал аталган гезитке интервью бербегенин, комментарийин бакырайтып биринчи бетине чыгарганын, ал дагы бурмаланып чыкканын жазган. Анжелика айымды айрым ырчылар колдоп чыкты. Алсак, ырчы Самат Дөөлөтбаков. Ал жети жыл мурун анын да интервьюсу бурмаланып жазылганын, ал үчүн андан журналисттер кечирим сурашпаганын, ошондон улам алар менен кол үзүп койгонун жазса, белгилүү продюсер Асыл Апасова “Супер инфону” жаңы билип атасыңарбы?», — деген суроо таштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ