«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратты. Алардын маалыматына караганда, жаан-чачынга байланыштуу, айрым бир тоолуу райондордо жана Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүшү ыктымал. Сак болууну эскертти!
Эртең, 12-ноябрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 9…11° болот.
Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ