Menu

Абылгазиевди Нышанов кантип таң калтырды?

Бөлүшүү:

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы күйүүчү майга болгон баанын айырмасы 11-15 сомго чейин болуп, айдоочулардын арасында кызуу талкууну жараткан. Бул чатак ЖКнын жыйынына чейин жетип, вице-премьер дагы муну моюндаган болчу. Бирок, май куйган станциялар бааны дээрлик анча көлөмдө арзандатышкан жок. Бирок, бир аз ылдыйлоолор болду. Ошондон улам ар жерде туруп май сатуу күчөп кеткен. Муну деле өкмөт токтото алган жок. Алар АИ-92 үлгүсүндөгү майда 36 сомдон сатышууда. Айрым май куюучу станциялар бул майды 39-42 сомго чейин сатууда. Майдын арзанына караган айдоочулар көчөдөн сатылган майларды тандап куюшууда. Бул ЖКда кайрадан талашты жаратып, депутат Сайдулла Нышанов алардын артында ак үй, көк үйдөн колдогондор бар дегендей таризде оюн айтты. «Күйүүчү майды аткезчилик жол менен эч ким ташыбайт болчу, эгерде колдоочулары «ак үй» же «көк үйдө» отурбаса», – деп билдирди депутат ЖК жыйынында. Эл өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары дагы үлүштө отурушу мүмкүн. «Менде бул жаатта тажрыйба бар», – деп билдирди Нышанов күтүүсүз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттан «Сиздеги тажрыйба күйүүчү майды аткезчилик жол менен ташуудабы же тескерисинче аны менен күрөшүүдөбү?» – деп сурады. Депутат Нышановдун буга чейин БНК май куюучу станциясы бар болгонун баары эле билет. Ал эмнеге арзан майлардын сатылышына азап чегип жатканы да түшүнүктүү. Өкмөт башчы эми Казакстандан күйүүчү май ташылып келбесин билдирди.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: