Бүгүн, 13-ноябрда жол кырсыгынан каза болгон жубайлар Акжолтой Канат уулу менен жубайы Канатбекова Изаарддын сөөгү Тоң районудагы Ак-Сай айылындагы бейитке коюлду. Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына төкмө акындар, акын, жазуучулар, ырчылар барып, эскерип, топурак салып, бата кылышты.
Баш кошкондоруна эки ай гана болгон жаш жубайлар достору менен 11-ноябрда жол кырсыгынан каза болгон. Ошол эле күнү жол кырсыгынын чоо-жайын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ