Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Иштин татаал шарттарына карабастан, бийликтин бардык бутактары өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү

Бөлүшүү:

2018-жылы иштин татаал шарттарына карабастан, бийликтин бардык бутактары өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы зор жетишкендиктер менен бирге аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын биргелешкен күч-аракетин талап кылган татаал милдеттер болду.

«Учурда иштеп жаткан Өкмөт 2018-жылдын апрель айында ишке киришкенде, иштөө шарттар жеңил эмес болчу. Бул шаардык ЖЭБдин айланасындагы кырдаал, макроэкономикалык жагдайдын начарлашы, мамлекеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы дисбаланс, кыргыз-казак чек арасындагы абал, кен иштетүү жайлардагы чыр-чатактар жана башкалар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге Өкмөт башчы белгилегендей, бул шарттарда өлкө ТМКК, ШКУ, ЖККУ өлкө башчыларынын Саммиттери, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгы сыяктуу ири иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрө алды.

«Эң башкысы бийликтин бардык бутактары – Президент дагы, Жогорку кеңеш дагы жана Өкмөт дагы өнүгүүнүн маанилүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтө алышты», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: