Бул тууралуу 14-ноябрда Лондондо өткөн кыргыз-британ инвестициялык форумунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Кийинки жумада Улуу Британиянын Бириккен Падышачылыгындагы жана Түндүк Ирландиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу элчиси Эдил Байсаловду Елизавета II өзү кабыл алганда, кыргыз эли менен кыргыз өкмөтүнүн атынан жакшы тилектерди айтууну К.Боронов элчибизден суранды.
Ошондой эле К.Боронов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Геттаны канышанын колунан Британ Империясынын Офицер Орденин алганы менен куттуктады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ