Menu

“Жай отуруп баарлашуу” долбоорунун алкагында депутаттын айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоо демилгеси талкууланды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак,  депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын түз шайлоо усулун сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин Пресс-борборунда журналисттер үчүн өткөрүлгөн Басма сөз кызматынын “Жай отуруп баарлашуу” долбоорунун жүрүшүндө белгилүү болду.

Демилгечинин пикиринде, айыл өкмөтүнүн башчысын жергиликтүү кеӊештердин депутаттары шайлабай, айыл аймагынын тургундары тарабынан тикелей шайланышы аларга карата ишенимдин артышына өбөлгө түзөт. Ал үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” сындуу бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

“Айыл өкмөтүнүн башчыларын тикелей шайлоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин аткаруу органдарын коррупцияланган, кылмыштуу жетекчилерден тазалоого түрткү берет. Жергиликтүү калк бири-бирин жакшы билгендиктен, депутаттарга караганда кыйла калыстык кылат. Андан сырткары, жергиликтүү кеӊештердин иштөө мөөнөтүн 4 жылдан 5 жылга чейин узартуу зарыл”, – дейт Кенжебек Бокоев.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров (“Өнүгүү – Прогресс”) айыл өкмөт башчыларынын ишин азыркы мыйзамды өркүндөтүү аркылуу оӊдош керек деген пикирде. “Түз шайланса эле мыкты өкмөт башчысы келет деген ойдон алыс болушубуз керек. Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, айыл жергесинде талаш-тартыштарга жол ачылып, уруу-урук, тууган-туушкан болуп өзара бөлүнүп-жарылуулар күчөйт. Биз буга чейин мындай акыбалды баштан кечиргенбиз”, – дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: