Бала дем алыш күнү, 22-декабрда шаардын борборунан жоголуп, кеч түндө Ош базарынан табылды. Тогуз жашар Иса Чолпонбаев 14 сааттан кийин табылганын Бишкек ШИИБиси билдирди.
Ал 22-декабрда саат 11:40та Чүй-Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жертөлөдөн жоголуп кеткен. Энеси шашылыш милицияга кайрылып, кызматкерлер ыкчам издөө чараларын көрүшкөн. Түнкү саат 1:30да алар баланы Ош базарындагы “Кыял” имаратынын жанынан таап олтурушат. Бала ата-энесине өткөрүлүп берилип, баланы издөөгө катышкандардын бардыгына ыраазычылык айтылды
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ