Menu

Бостеридеги машыгуу залында эки адамды сабаган дагы үч киши кармалды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери Бостери айылында эки жаранды сабоого катышкан дагы үч шектүүнү кармашты деп билдирди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель аралыгында милиция кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам издөө тобу тарабынан Бостери айылынын эки тургунун сабоого шектелип, издөөдө жүргөн 26 жаштагы Ш. уулу К., 32 жаштагы Ш.К. жана 34 жаштагы Ш.К. кармалган. Алар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, 20-апрель күнү болжол менен саат 22:20 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматы 33 жаштагы Бостери айылынын тургуну башынан оор жаракат алып түшкөнүн маалымдаган. Ал эми аны менен чоогу сабалган Д.Э. медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин (Денеге оор залал келтирүү) 1-бөлүгүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20-апрелде саат 21:00 чамасында жабырлануучулар машыгып жаткан спорт залга 3-4 бала келип, аларды сабап, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткендиги аныкталган.

Бул кылмыштын бети өз убагында ачылышы үчүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жана Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ичинен ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 23-апрель күнү 31 жаштагы И.Б. жана 28 жаштагы Д.Б. кармалган.

Учурда кылмышка шектүү жарандардын турган жерин аныктоо жана калган кылмышкерлерди издөө иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: