Бул сыйлык Бекзатка 5-Эл аралык кинофестивалда көрсөтүлгөн “Аврора” деген тасмасы үчүн алды. АКШнын Лос-Анжелес шаарында фестивалдын жабылышы 14-ноябрда болуп өттү. Бул фестивалды Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз уюштурган.
Б.Пирматов өмүрүндө биринчи жолу океанды көрүп жатканын айтып, “Оскар” алганга чейин англис тилин үйрөнүп каларын убада кылды.
Тасманы режиссер 6 кишиден турган команда менен аз каражатка тартканын айтып берип, Азиялык кинофестиваль менен Садык Шер-Ниязга ыраазычылыгын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ