Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматына таянсак, шаардагы Эл аралык экономика жана ишкердик университетинде жыл сайынкы Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, ага бир жарым миң мектеп окуучусу келип катышты. Анда мектептердин бүтүрүүчү класстарында окуган окуучулар, алардын ата-энелери, мектеп мугалимдери окуу жайы менен кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аталган иш-чара мектеп бүтүрүүчүлөрунө кесиптик багыт берүү максатында өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков билдирди.
Анын айтымында, аталган университеттин, ага караштуу Эл аралык медициналык колледжинин материалдык-техникалык базасы, окуу процесси, профессор-окутуучулар курамы, студенттер контингенти жана коомдук, маданий-спорт чөйрөсүндөгү иш-аракеттери менен таанышуу мектеп бүтүрүүүчүлөрүнүн келечекти туура тандоосуна мүмкүндүк берет.
-Алар үчүн биз атайын көргөзмөлөрдү, экскурсияларды, маданий программаларды, спорттук мелдештерди уюштурдук. Ачык эшиктер күнүнүн коноктору үчүн окуу жайдын маданий-эстетикалык борбору, Түрк мамлекеттеринин маданиятын изилдөө борбору жана жаштар иштери боюнча комитети даярдаган майрамдык концерттик программа тартууланды, – дейт ал.
Аталган университеттен алынган маалыматка караганда, Ачык эшиктер күнүнө жалпысынан бир жарым миңге жакын мектеп окуучусу келип катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ