Бүгүн, 15-ноябрда «Бир дүйнө – Кыргызстан» кинофестивалы жыйынтыкталат. Бул тууралуу фестивалдын аткаруучу директору Райхан Абдрайимова билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо уюму уюштурган «Бир Дүйнө – Кыргызстан» кинофестивалы балдар укуктарын коргоо темасына арналды. Фестивалдын алкагында балдардын укуктарын коргоо маселесине арналган 15 семинар өткөрүлдү, балдардын укуктарын чагылдырган 20дан ашык документалдык тасма ат салышты. Бүгүн жеңүүчүлөргө “Бир дүйнө – Кыргызстан» фестивалындагы мыкты тасмаларга статуэтка ыйгарылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ