Menu

Акчалуулар көп кабаттуу үйлөрдү куруп бүтүп, андан кийин мыйзамдаштырабы?

Бөлүшүү:

Урматтуу “Ордо” гезити! Сиздерге атайын кат аркылуу кайрылып жатканымдын себеби төмөндөгүдөй: Мен Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндө (мурдагы Строительная көчөсү-48) жайгашкан № 36-үйдү 2000-жылы мыйзам чегинде сатып алганмын. Жалал-Абад шаардык Мамкаттоо кызматы тарабынан жалы берилген жерге болгон менчик укугум жөнүндө мамлекеттик Акты бар. Мыйзамдарга ылайык менин жеке менчикке болгон укуктарым мамлекет тарабынан коргоолууга тийиш эле. Тилекке каршы, 1,5 жылдан бери ар кайсы инстанцияларга кайрылып, адилеттик таппай келүүдөмүн. Менин үйүмдүн алдындагы жер тилкеси Жалал-Абаддагы Куюу механикалык заводуна (Литейный механический завод) тиешелүү. Аталган завод өлкөдөгү стратегиялык объектилердин катарында болуп, өндүрүш аймагы аталып келген. Тилекке каршы, заводко кирүүчү жол тараптан, тактап айтканда менин үйүмдүн жанындагы заводдун жеринен 6722 чарчы метр жер аянты Н. Биримкулова аттуу адамга жеке менчикке берилиптир. Качан, кандай жолдор менен берилгенин так билбейм, бирок заводдун акционерлери сатып жибергендигин айтып жүрүшөт…

Кыскасы, 2018-жылы “Меркит Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому менин үйүмдүн фундаментинин түбүнөн жерди казып баштады. Көрсө бул жерге коммерциялык багыттагы көп кабаттуу үйдү курушмакчы экен. “Меркет Курулуш” ЖЧКсы курулуш куруу эрежелерин одоно бузуп, менин эч кандай уруксатымсыз эле фундаменттин түбүнөн 1,5 метр аралык калтырып, 3 метр тереңдиктеги көп кабаттуу үйдүн жерпайын (котлован) казып салышты. Эртеңки күндө бузулган жер кыртышы чуңкур тарапка ооп кетсе менин үйүм урап кала турган жагдай жаралгандыктан шаардык прокуратурага арыз менен кайрылдым.

Анын негизинде Экотехинспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, “Меркит Курулуш” ЖЧКсы эч кандай курулуш иш кагаздарын көрсөтө албагандыктан, 30.08.2018-жылы 7 пункттан турган № 0010177 сандуу эскертүү кагазы берилип, курулуш иштери токтотулган.

Бирок аталган курулуш компаниясы Экотехинспекциянын эскертүүсүн чымын чакканчалык көрбөй, андан кийин деле өз иштерин улантып жатты. Мыйзамды көзүнө илбей, Мамлекеттик органдарды тоготпой жаткандыгына караганда “Меркит Курулуш” ЖЧКсынын “крышалары” “көктөбү” деп калдым. Анын себебин Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Жунусалиевдин Жалал-Абад шаарынын прокурору А. Мурзаевге жазган төмөндөгү билдирүүсүнөн кийин түкшүмөлдөп калдым:

Жалал-Абад шаарынын прокурору А. Мурзаевге

Сиздерге кайрылуубуздун себеби Жалал-Абад шаарынын, Мамыр Баатыр (Строителей) көчөсүндө жайгашкан “Дост Курулуш ” ЖЧКсына таандык болгон мурдагы “Гималай”заводунун ордуна болжол менен көп кабаттуу үйдун курулуш жумуштары башталган. Бул курулуштун жер иштери башталган учурда биз тараптан 30.08.2018-жылы № 0006150 бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилип жер иштерин казууну токтотконбуз. Бирок 14.11.2018-жылда курулуш жумуштары журуп жаткандыгы боюнча жеринде акт түзүп, курулуш компаниясы же “Дост Курулуш” ЖЧКсы тарабынан тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздары окок жана архкурулуш көзөмөл жүргүзүү үчүн Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүлбөгөндүгүн билдирип, жогорудагылардын негизинде мыйзам бузуучу ЖЧКнын иш-аракеттерине укуктук баа берип мыйзамсыз курулушка чара көрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранабыз.

Тиркелет, түзүлгөн актынын, эскертме жазуунун көчүрмөлөрү 3 баракта. Башчы Б. Жунусалиев

Урматтуу редакция! Менин бул арызым боюнча терең журналисттик иликтөө уюштуруп, мамлекет карамагындагы жерлер жеке адамдарга кандайча сатылып жаткандыгын, көп кабаттуу коммерциялык багыттагы үйлөрдү курууда мыйзамдардын бурмаланып-бузулуп жаткандыгын коомчулукка жарыялап берсеңиздер. Же “акчалуулар” мыйзамды бузуп көп кабаттуу үйлөрдү сала берсин, кийин документтештирип алса болот,- деген мыйзам барбы?

Арыз ээси: Ш. Жаркулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: