Menu

Мамлекеттик ипотекалык компания элди сыздатууда

Бөлүшүү:

Элмира Абжапарова деген кыйын чыкма «айымпааша» жетектеген Кыргыз өкмөтүнүн мүлк министрлигине караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканын эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, уй алуу үчүн жарандарыбыздан дароо эле, “Үй-бүлөдө канча адам иштейсиңер, канча айлык аласыңар” деп сурайт экен, алар маянасын айтары менен “Силердин айлыгыңар ипотека менен үй алганга жетпейт экенә деген орой жообун берип, жолго салып атканын айтып арызданышууда. Кызык, азыр мамлекеттин ахвалы баарына дацын, бюджеттин көзүн карагандарга чоң маяна жок. Андыктан, башка жолдорун таап, жок дегенде жылуу-жумшак жооп бергенге көнбөйбү? Элге шарт түзбөй, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлыкты кемирип отурган мындай компаниянын кимге кереги бар?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: