Menu

Тажикстанда 1-февралдан тартып мечиттер иштей баштайт

Бөлүшүү:

Тажикстанда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб 1-февралдан баштап мечиттерде жамаат менен намаз окууга уруксат берди. Мечиттер апрелде коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында жабылган.

20-январда жарыяланган чечимге ылайык, Дин комитети, Ислам борбору жана Саламаттык сактоо министрлигине намаз учурунда жеке жана коомдук гигиена эрежелерин сактоону камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды кабыл алууга тапшырма берилди.

Өзгөчө жума намаз учурунда гигиеналык эрежелерди сактоо, милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу керек.

Бул талаптар аткарылбаган мечиттердин ишине тыюу салынат.

Тажикстанда 4 миңдей мечит катоодон өткөн.

Тажикстанда мечиттер 2020-жылдын 18-апрелинен азыркы күнгө чейин жабык турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: