“Манас” эл аралык аэропорту” ААК 2021-жылдын 5-февралынан тартып Кувейт – Бишкек – Кувейт жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландоодо. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учууларды Кувейттин авиакомпаниясы Jazeera Airways ишке ашырат.
“Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу ишке ашырылат – дүйшөмбү жана жума күндөрү”, – деп айтылат маалыматта.
Учуу узактыгы – 3 саат 35 мүнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ