КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрь “Манас күнүнө” карата Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде иш-чара өткөрүп, анда бир сутка бою Манас айтылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, азем Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат.
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.
Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ