Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясы учурунда антибиотиктерди туура эмес колдонуудан улам бул дарыларга туруктуулук күчөп кетиши мүмкүн деп эскертти. Бул тууралуу ДСУнун Европа аймагы жүргүзгөн изилдөөдө айтылганын чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
“Адамдар жана саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан антибиотикти туура эмес колдонуунун узак мөөнөттүү көйгөйү COVID-19 пандемиясы менен курчуп жатат. Антибиотиктер COVID-19 сыяктуу инфекцияларды дарылабайт же алдын албайт деп айтылса дагы, тогуз мамлекетте жүргүзүлгөн адамдын жүрүм-турумун изилдөө натыйжалары антибиотиктин колдонулушу пандемия учурунда көбөйгөндүгүн көрсөттү”, – деп айтылат ДСУнун Европа бюросунун билдирүүсүндө.
Изилдөөгө ылайык, антибиотик ичкендердин 79-96% COVID-19 оорусун жуктурушкан эмес, бирок жукпас үчүн дары ичишкен. Ооруканага жаткырылгандардын арасында, ошондой эле бейтаптардын 15% гана антибиотиктерге муктаж болушкан, анткени аларда бактериялык инфекциялар коштолгон, бирок инфекцияны жуктургандардын 75%на дары берилген.
Тактап айтканда, цефалоспорин классындагы антибиотиктердин үчүнчү мууну жакын арада натыйжалуулугун жоготушу мүмкүн, анткени COVID-19 пандемиясынын башталышында Европанын бир катар медициналык мекемелери вирусту мындай дары-дармектер менен дарылоого аракет кылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ