Эртең, 16-ноябрда шаарда ишембилик өтөт, ага мэрия шаардыктарды чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, борбор калаабыздагы шаар тургундары өздөрүнүн жашаган үйүнүн тегерегин же иштеген имаратынын, кеңсесиндеги аймакты иретке келтириши керек. Жалпак тил менен айтканда, жашаган, иштеген жеринин тегерек-четин шыпырып, таштандыларды тазалап, жерге түшкөн жалбырактарды жыйноого чакырууда. Калган аймакты өз күчү менен тазалайт экен.
Эгер алардын тазалыкка чакыруусун туура кабыл алып, барам десеңиз, анда төмөнкү кишилердин номуруна чалыңыз:
1.Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
2.Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району)- (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
3.Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
4.Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ