Menu

Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы жабылууда

Бөлүшүү:

Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы жабылууда. Бул маалыматты журналисттерге банктын ыкчам менеджери Жылдыз Табалдиева тастыктады.

Анын айтымында, филиал банктын ишкердик стратегиясынын өзгөрүшүнө байланыштуу жабылып жатат. Чечимди директорлор кеңеши кабыл алган.

«Анын Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларга дагы, каржылык абалга дагы эч кандай тиешеси жок. Финансылык абал туруктуу», – деп түшүндүрдү ал.

Табалдиева кошумчалагандай, жыл башында банкты кыргыз базарынан чыгаруу маселеси талкууланган. Пакистандын Улуттук банкы мамлекеттик банк болгондуктан, тиешелүү узак мөөнөттүү процедурадан өтүш керек болчу.

“Акыркы чечимди октябрь айында гана алдык”, – деди Жылдыз Табалдиева.

Ошондой эле, азырынча филиал качан жабыларын так айтуу мүмкүн эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: