Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан эки күндүк жумуш сапары менен Кыргызстанга келип, 19-ноябрда Бишкекте өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу форумга катышты. Форумда сөз сүйлөгөн Петер Буриан Кыргызстан ЕБнын эң ири шериктеши экенин, акыркы беш жылда Евробиримдик приоритеттүу секторлордун долбоорлорун өнүктүрүүгө көңүл буруп, таза сууга, адам капиталын өнүктүрүүгө, билим берүү системасына, соттук-укуктук реформа жана санариптештирүүгө 270 млн евро инвестиция кылганын белгиледи. Мындан сырткары Евробиримдик суу менен камсыздоо, тазалоо, орто жана чакан бизнестерди колдоо, энергетика, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарына кошумча инвестиция саларын айтты. Ошондой эле Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан 2020-жылы Бишкекте «Евробиримдик – Борбор Азия I экономикалык форумун» өткөрүү пландалып жатканы айтылды.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ