Ош облусунун Кара-Суу райондук соту тыюу салынган радикалдуу «Йакын инкар» диний агымынын 24 мүчөсүн эки жылга эркинен ажыратты. Райондук милициянын маалыматына караганда, соттолгондордун көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан келгендер. Уюмга тыюу салына электе, ал жарандар муфтияттын же казыятын атайын уруксат кагазын албастан эле үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталып, соттун чечими менен ар бирине 500 сом өлчөмүндө айып пул салыныптыр.
Соңку мезгилде Кара-Суу районунда «Йакын инкар» диний агымынын мүчөлөрү активдешип, алардын саны кескин көбөйгөндүгү байкалууда. Жыл башынан бери эле бул аймактан 10 киши каттоого алынган. «Йакын Инкар» диний агымы былтыр расмий түрдө экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө сот тыюу салган. Ал эми былтыр Ош облусу боюнча жалпысынан диний экстремизм багытындагы 77 факты аныкталып, анын ичинен 36 учур боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ