Menu

Элчи Динара Кемелова Кореянын Тышкы иштер министринин орун басары Ли Тэ Хо мырза менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30 апрелде Элчи Динара Кемелованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ли Тэ Хо мырза менен жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан жана Тʏштʏк Корея ортосундагы кызматташтыктын маанилʏʏ маселелерин талкуулашты. Алардын катарына саясий байланыштар жана жогорку деңгээлдеги сапарлар, соода-экономикалык мамилелерди бекемдɵɵ, ɵкмɵттɵр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын ɵткɵрʏʏ, эмгек миграция, билим жана туризм тармактары кирди.

Ли Тэ Хо кыргыз тарапка Тʏштʏк Кореянын Корея жарым аралындагы ɵз ара макулдукту бекемдɵɵгɵ багытталган тынчтык саясатын ар дайым колдоп жатканы ʏчʏр ыраазычылык билдирди. Ли Тэ Хонун сɵзʏ боюнча Кыргызстан менен Тʏштʏк Кореянын кɵптɵгɵн окшоштуктары бар, биринчи кезекте бул демократиялык баалуулук болуп эсептелет. Азыркы кезде Тʏштʏк Кореянын Ɵкмɵтʏ «жаңы тʏндʏк саясат» аттуу демилгенисин жʏргʏзʏп жатат, бул демилге негизинен Тʏштʏк Кореянын ɵзʏнʏн тʏндʏк тараптагы мамлекеттер менен болгон алакасын бекемдɵɵгɵ багытталган, ал мамлеттердин катарына Россия, Монголия жана Борбор Азия ɵлкɵлɵрʏ дагы кирет. Аталган демилгенин алкагында Кыргызстан Тʏштʏк Корея ʏчʏн маанилʏʏ болуп эсептелет деди Ли Тэ Хо.

Элчи Д.Кемелова Тʏштʏк Кореянын Кыргызстанга ар тараптуу кɵрсɵтʏп жаткан жардамдары ʏчʏр ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргыз тараптын Бишкек менен Сеул шаарларын бириктире турган тʏз авиакаттамды ачууга, Кыргызстандын жарандары ʏчʏр визалык жэңилдетʏʏлɵрдʏ камсыз кылууга, эмгек мигранттарга квоталарды кɵбɵйтʏʏгɵ, Тʏштʏк Кореяда билим алуу ʏчʏн гранттарды кɵбɵйтʏʏгɵ кызыктар экени айтылды. Ошондой эле Кыргызстан ɵзʏнʏн органикалык таза продукцияларын Тʏштʏк Кореяга экспорттоого кызыктар экени дагы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: