Menu

Алмазбек Атамбаев киллер жалдап, көзүн тазалайм деген төрт саясатчынын бирин Кубаныч Кадыров атады. Ал ким? 

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде, анын буйругуна баш ийбей койгон, андан запкы жеп, ак жеринен күнөөлөнүп, абакка отуруп чыккан коомдук ишмер Кубаныч Кадыровду маектешүүгө редакцияга чакырсак, ооруканада экен. Телефон аркылуу учурдагы окуялар боюнча ат жалында маек курдук.

– Кубаныч мырза, маекти Атамбаевдин жакында эле билдирген билдирұұсүнөн баштасак. Тагырагы, ал: «менин тарапташтарымды бошоткула, мен эле түрмөгө отурайын”,-деген билдирүү таратты. Аны менен эмне айткысы келгенин сиз түшүнө алдыңызбы?

– Ал эмнеге жанталашып андай билдирүү жасады? Анткени, Батукаевден башка дагы бир топ коррупциялык иштердин бети ачылып калат деп коркуп жатат. Атамбаевдин командасы дагы ушундай ойдо. Биринчиден, булар мамлекет башчысын жаманатты кылуу жолун издеп жатышат. Экинчиден, элге жана дүйнѳлүк лидерлерге Сооронбай Шариповичти жаманатты көрсөткүлөрү келүүдө. Үчүнчүдөн, президенттин кадр-баркы күн санап ѳсүп баратканына Атамбаевдин ичи күйүп, эмне кылаарын билбей, ушуга окшогон ар кандай билдирүүлѳр менен чыга баштады. Төртүнчүдөн, ал кандай десе дагы, анын айткандары суу кечпейт. Себеби, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев жана анын командасынын жеке кызыкчылыгын эмес, карапайым элдин кызыкчылыгын тандап, мамлекетти бийик койду. А Атамбаев болсо бийлик үчүн, ѳзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр. Ал белгилүү саясатчыларды ѳлтүрүп, бийликке шылтап, мамлекетке тополоң салганды эңсеген кара мүртөз адам.

Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаитинин өлүмүнө да Атамбаевдин Илмияновдон кийинки айдоочусу Эркин Сопоковдун да аты аталды. Анын иши боюнча жумушчу топ түзүлүп, иши иликтенип баштады. Ошондон уламбы, “анын ана башында Атамбаев турат”,-деген да имиштер кетти. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?

– Түркияда ѳлтүрүлгѳн жеке ишкер Айэркен Саймаитинин ѳлүмү да коомчулукту катуу дүрбѳлѳңгѳ салды жана салууда. Балким, бул жерде да Атамбаевдин катышы болуп жүрбѳсүн деген суроо менде да бар. Анткени анын ѳлүмү миллиондордун изин жашырып жатпайбы? Мисалы, Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн. долларды белгисиз калуусу кимге керек? Атамбаевден башка бул ишке ким кызыкдар? Менин мындай шектенүүлѳрүмѳ негиз бар.

– Ал кандай негиз, билсек болобу?

– Алмазбек Атамбаев бир курдай мага: “Кубан, киллер таппайсыңбы?! Менде жетишээрлик акча бар. Тѳрт саясатчынын кѳзүн тазалаш керек болууда”,- деген. Атамбаев киллер жалдап ѳмүрүн алгысы келген тѳрт саясатчынын бири – Кочкордун мурунку акими Курманбек Байтереков болчу.

– Антип айтканда сиз кайсы кызматта элеңиз?

– Анда мен Жогорку Кеңештин депутаты элем. Эгер Атамбаев муну калп десе, анда мен полиграфтан ѳтүп берүүгѳ даярмын.

– Сиз муну эмне үчүн өз учурунда айтпай, азыр айтып жатасыз?

– Бул нерсени эмнеге бүгүн айтып жатам? Анткени баарыбыз үчүн мамлекеттин бүтүндүгү, элдин тынчтыгы керек болчу. Бийлик кумарынан чыга албаган бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн карапайым эл жабыр тартпашы керек!

– Сиз жогоруда төрт саясатчынын бирин гана атадыңыз. Калган үчөө ким эле, аттарын атай аласызбы?

– Атай алам, бирок, азыр эмес. Жакында сөзсүз айтам.

– Соңку суроо. «Экс-президент катары укугум тебеленип, мыйзам бузулду»,-деп жатпайбы Алмазбек Атамбаев. Канчалык негизде анын укугу бузулуп жатат деп ойлойсуз?

– Бизди камаганда Атамбаев жана анын бийлиги мыйзамды бузуп, биздин укугубузду тебелеген. Алты ай үй-бүлѳбүз менен жолугушууга мүмкүнчүлүк бербей койгон. Мына бүгүн өзү биздин ордубузга отуруп, темир тор артында калды. Таба эмес, тобо! Бирок, ал бизге салыштырмалуу үй-бүлөсү менен байма-бай жолугуп жатпайбы: кааласа аялы, кааласы баласы менен дегендей… Анан кантип анын укугу тебеленип, мыйзам бузулуп калат? “Менин укугум бузулду”,- деп кыйкырып  жатканы курулай сөз. Азыр Атамбаевдин дагы тарапташтары: “саясий куугунтук болууда” деп кыйкырып жатышпайбы. Бул жерде эч кандай куугунтук болгон жок. Баары эле туура болууда. Анткени Атамбаев жана анын тарапкерлери «бийликти басып алабыз» деген ниетте болушуп, ар кимиси алдын ала бөлүшүп алган кызматтарын элестетип, таттуу кыялдарга жетеленип жүрүшкөн. Пландары ишке ашпай калганга ичтери ачышып, кыйкырып жатышат. Бул ачуу чындык. Ага чычалабай эле коюшсун. Анткени Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайында түзүлгөн  “Элдик штабындагы” чогулуштарында ачык эле айтып, митингге чакырык таштаган. Анын айткандарына баарыбыз эле күбөбүз да, аны тастыктаган видео тасмалар да бар.

Маектешкен Жайнагүл Талканбаева,

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: