Фейсбук компаниясы жарым жылда 3 миллиарддан ашык фейк аккаунттарды өчүрдү. Компания акыркы убактарда фейктерди аныктоо боюнча бир катар иштерди жасады. Андан тышкары, чектен ашкан жарнамалар камтылган 4 миллиард билдирүү жана зордук-зомбулукка байланышкан 54,5 миллион билдирүү өчүрүлдү. 3 млрд. фейк аккаунттун ичинен канчасы кыргызстандык фейктер болду экен?
Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айынан баштап 2019-жылдын март айына чейин 3 млрд. аккаунтту спамдарды жайылтканы үчүн өчүрүлгөн.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ