Menu

Видео – Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиевдин пара алган ишин Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүмбаев убагында жашырып, жаап койгону үчүн жоопко тартылаар бекен?

Бөлүшүү:

Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун уулу, УКМКнын мурдагы опер кызматкери, 1993-жылы туулган Азамат Мамасалиевди күч органдары 18 миң сом өлчөмүндө пара менен кармаган видео алгач Ютубга жарыяланган, анан ал бардык социалдык тармактарга тарап, учурда кызуу талкууланууда. Коомчулук ал видеонун датасын деле элес алган жок, азыр кармалгандай кабыл алышууда. Негизи бул тасма эки жыл мурун тартылган, тагырагы, 2017-жылдын 13-мартында чыккан. Ал андагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында жабылып калган иш. Анда эмесе, сөз башынан болсун.

Баласынын ишин Сопоков ким аркылуу жаптырган?

Азамат Мамасалиевдин атасы Эркин  Сопоков Алмазбек Атамбаевдин Икрамжан Илмияновдон кийинки шоопуру экенин баарыбыз эле билебиз да. Атамбаев бийлигинде УКМКда бир күн иштебеген Абдил Сегизбаев УКМКга жетекчи болуп келбеди беле. Анын орун басары болуп Атамбаевдин ишенимдүү адамы, мурунку жансакчысы Болот Сүйүмбаев дайындалган. Ушул экөө Атамбаевдин сөзү менен Эркин Сопоковдун баласы Азамат Мамасалиевдин пара менен кармалган ишин жаап коюшкандыгы ачуу чындык. Сопоков Атамбаевге чалып, анан ал Сегизбаев менен Сүйүмбаевге чалып, жаап коюшкан экен. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, акыры ачыкка чыгып отурат.

Төрөбай Зулпукаров, депутат: “Азамат Мамасалиев атасынын ызы-чуусунан кийин арызын жазып кетип калды”

Эркин Сопоковдун ызы-чуусу чыкканда депутат Төрөбай Зулпукаровдун аты аталды эле, эми минтип анын баласы Азамат Мамасалиевдин эки жыл мурунку видеосу чыккандан кийин дагы аты аталып отурат. Тагырагы, ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун кеңешчиси Азамат Мамасалиев болгонун айрым журналисттер буга чейин жазып чыккандан кийин, депутат аны тана албай, тастыктады.  Анда ал: “Мен Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгым бар. Ал белгилүү акын Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Андыктан аны тааныбайм десем, жигиттик болбой калат го. Эгемберди Эрматов (акын 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, 2013-жылы президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгон. Ал 2017-жылдын 23-январында 66 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. – авт.) менен мен 5-чакырылышта депутат болуп иштегем. Анын күйөө баласы, балдары, жубайы менен дайыма катташып турам. Үй-бүлөсү менен КСДПнын түптөлүшүнө өтө чоң салым кошкон инсан. Ал эми Азамат Мамасалиев боюнча айта турган болсом, анын атасы менен болгон ызы-чуудан кийин арызын жазып кетип калды. Азыр кайда экенин билбейм. Мурда КСДП фракциясынын катчылыгында иштеген»,-деген депутат Т.Зулпукаров.

Соңку сөз

Жогору видео ачыкка чыгып, коомчулукка тарагандан кийин, укук коргоочу Рита Карасартова да реакция кылып, УКМКнын жетекчиси О.Опумбаевдин кызматтан кетишин талап кылган кол чогултуп баштады. А чынында туура, эмне бул ишти Опумбаев билбейт дейсиңерби, билет?! Ал жашырбай баарын ачык айтышы керек болчу. Премьер-министр М.Абылгазиев айткандай, күч органдары коруппцияны жашырып-жаап койгону, президентин дарегине көлөкө түшүргөндөрү. Анткени президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени: «Каерде коррупция болсо ачык айткыла, атын атагыла!»,-деп коррупция менен кұрөшүү жолун сунуштап келет.

Эми бул иш ачыкка чыккандан кийин, убагында бул ишти жашырып, жаап койгон Сегизбаев менен Сүйүмбаевди Опумбаев жоопко тарта алабы кеп ошондо…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: