Бажы бирлиги бизди бир топ оор акыбалга алып келет, Кыргызстан пайдадан зыянын көп көрөт деп жан какшаганыбыз менен акырындык менен ал тараптагы пайдаларды сезе баштадык. Өзгөчө оор жүк ташууда артыкчылыктар байкалган. Маалыматтарга караганда ЕАЭСтеги ташылган оор жүктүн жалпы көлөмү 5 млрд. тоннага жакын болгон.
Евразия экономикалык комиссиянын чыгарган маалыматына ылайык, 2019-жылдын январь-сентябрь айларындагы оор жүк ташуунун ЕАЭС мамлекеттер боюнча көлөмү 4774,1 млрд. тонна-километрди түзгөн. Кыргызстандын оор жүк ташуусу 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 1,9 млрд. тонна-километрди түзгөн.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ