Menu

Фото – Кыргызстан менен Франциянын парламенттер аралык кызматташуусунун келечектери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-ноябрь күнү Парижде КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Сенатынын «Франция-Кыргызстан» достук Тобунун төрайымы Натали Гуле менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү мүнөзүн белгиледи жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуунун келечектерин талкуулады.

Н.Гуле Кыргызстанда жүрүп жаткан өнүгүү процесстерин бөлүп көрсөтүү менен бирге кызматташууну бекемдөөгө Франциянын санаалаштыгы бардыгына ишендирди жана Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө түрткү берет деп белгиледи.
Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө максатында 2020-жылы достук Тобунун мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары пландалып жатканын Франциянын Сенатынын мүчөсү маалымдады.

Тараптар ошондой эле региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы бизнес контакттарды бекемдөө маселелерин талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: