Menu

“Кумтөр” 14 тоннадан ашуун алтын өндүрдү

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы ири алтын кору бар «Кумтөр» алтынкени акыркы тогуз айда 14 тоннадан ашуун алтын өндүрдү. Бул тууралуу Centerra Gold Inc.  жана «Кумтөр Голд Компанинин» 2019-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарында айтылат. Маалыматка ылайык, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрү 10 миллиард сомдон ашты. Ушул жылдын 3-чейретпнде «Кумтөр» кениндеги алтын өндүрүү көлөмү 4 миң 675,1 килограммды түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 3 миң 808,47 килограмм болгон.

Бул чейректе жетишкен өндүрүштүн өсүшү № 18 жана № 19 жумуш зоналарынан алынган алтын курамы байыраак кендин иштетилүүсүнө жана анын ылгоо коэффициенти жогору болуусуна байланышкан. Ш чейректе 4 979,30 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Андагы жалпы киреше 234,4 миллион долларды түзгөн.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: