Menu

Бюджеттин аткарылышына бааңыз кандай?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш 14-ноябрда, бир күндө төрт жылдын бюджетин карап чыкты. Анын ичинде 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылкы бюджеттин долбоору талкууга түштү. Мындан сырткары 2021-2022-жылдарга болжол да каралды.

Марлен Маматалиев, ЖКнын депутаты:

2019-жылы пландын салык жана бажы кызматтарынын планды аткара албай калганынын кесепетинен 6 миллиард сомго чейин планды аткара алган жок. Бул чоң кемчилдик. Бирок башка гранттык акча которуулардын эсебинен, Кумтөрдөн түшкөн акчанын эсебинен бюджет толуп, билинбей калды. Ошо аткарылбай калган пландын кесепетинен бажы кызматынын жана салык кызматынын жетекчилери кызматтарынан кетишти деп доклад жасашты. Ал эми 2020-жылдыкын карай турган болсок тартыштык 9 миллиард сомдун тегерегинде болду. Буга чейинки карасак 20 миллиард сомду түзүп келген. Бул жагынан карасак жыйынтык жакшы. Негизи, мамлекеттик мүлктөрдөн жана кендердин түшкөн салыкты жакшы чогултуп эле бир топ алдыга жыла алсак болот.

Эльвира Сурабалдиева, ЖКнын депутаты:

– Биринчиден, биз, бийликтегилер менен алек болуп, экономикабызга көңүл бурулбай калды дегенди моюнубузга алышыбыз керек. Сентябрда карала турган бюджет, ноябрда киргенине бир нече себеп бар экендиги баарыбызга маалым. Бюджеттеги бажы жана салык кызматтарынын пландары аткарылбай, жетекчилиги бекер алмаштырылган жок да. 2-3 жылдан кийин тышкы карыздардын эң ири суммаларын кайрып берүү убактысы келсе, мындан да кыйын учурга туш келип калаарбыз. Евразиялык бирикмедеги мүчө болуп да чоң экономикалык утуштарды көрө элекпиз. Азырынча тескерисинче, биздин дыйканчылык продукциясын РФ рыногуна чыгара алышпай, биз утулуп жатабыз.

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты:

– 2019-жылдын аткарылышына да, 2020-жылдын бюджетине дагы биринчи окуудан добуш бердик. Экинчи окууга келгенде да тактоо үчүн суроолор бар. Негизинен
канаттандыраалык деп добуш бердик.

Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаты:

2018-жылдын бюджетин уктук, ал жакшы аткарылган жок. 2019-жылдын бюджетинде салык жагынан киреше булагы алты миллиард сомго азайды. Анын ордуна «Кумтөр жана атайын каражаттар менен толтурабыз» дешти. 2020-жылга да мен баяндаманы уктум, бирок жаңылык уга албадым. Мен «жаңы технологияларды алып келебиз, жаңы инновацияларды киргизебиз» деген сыяктуу нерселерди күттүм эле. Бирок, тилекке каршы, андай нерселерди көрө албадым. Мына, IT жагынан Кытай кандай кетип жатат? Субсидияларды берип, коңшу Өзбекстан эле текстил жагынан бизден озуп баратат. Биз мына ушулардан да артта калып атабыз.

Осунбек Жамансариев, жактоочу:

– Бир күндө 4 жылдын бюджети боюнча үстүртөн статистика катары каралса керек… Ал эми, 2019- жылдын бюджеттин аткарылышын жана 2020-жылдын долбоор боюнча деле үстүртөн цифралар менен чектелишсе керек. Көбүнчө Өкмөт берген маалымат жана жана алардын айтканын эске алуу менен чектелип жүрүшөт. Бирок, ЖК маселе бюджет боюнча болгондо абдан дыкат карап, алымча-кошумча учурларын киргизип, кошумча маалымат алып, милдеттерин формалдуу өңүттө эмес реалдуу иш алып барышса… Мамлекетке кандайдыр бир деңгээлде пайда болмок деп ишенем.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: