Буга чейин «Кыргызгидромет» борбору 20-ноябрдан баштап суук болоорун алдын ала айтып келген. Ошондой эле маалыматты дагы бүгүн, 19-ноябрда таратышты.
Алардын билдирүүсүнө караганда, эртең, 20-ноябрда бардык аймакта аба ырайы бузулат. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустардын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда түнкүсүн жаан жаап, кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жол тайгак болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +5…+7 градус болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ