Лим Чанг Су аттуу Түштүк Кореянын жаранынын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу 21-ноябрда ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйыныда билдирди.
“Анын жанында ири суммадагы акча бар экен. Так суммасын айта албайм” – деди Каниметов.
“Ири сумма деген канча? 100 миң доллларбы?” – деген суроого: “Жанында андай акча болгон эмес”, – деди орун басар.
Ошондой эле чет өлкөлүк кыргыз-казак чегарасын суу кечип өткөнгө аракет кылганын белгилеп: “Чегарадан өтүп баратканда сигнализация иштеп кеткен. Анан качып жөнөп, сууга чөгүп кетиптир”, – деди ал.
Лим Чанг Су 15-октябрда Бишкектин “Золотой дракон” мейманканасынан чыгып кетип, дайны чыкпай кеткен экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ