Menu

Американын Conde Nast Traveler туристтик VIP-журналы: “Кыргызстан – беш “стандын” эң керемети”

Бөлүшүү:

Саякатчыларга арналган Conde Nast Traveler журналы Кыргызстан жөнүндө кеңири макала жарыялады. Бул басылманы туристтердин “библиясы”  деп коюшат.

АКШда Conde Nast 18 журнал, ишкерлер үчүн төрт гезит, 27 сайт жана мобилдик телефондор менен планшеттер үчүн 50дөн ашык тиркеме чыгарат.

“Борбордук Азиядагы беш “стандын” арасынан Кыргызстан эң жөнөкөй, эң чапчаң, эң меймандос, эң керемет, оозду ачырган өлкө экен”, – деп жазат макаланын автору Стэнли Стюарт.

Ал Кыргызстанга барганын, көчмөн жашоону көргөнүн жазып, 11 күнгө болгону 2850 доллар кеткенин айтып, окурмандарын дал ушул өлкөгө барууга чакырган.

“Жайлоо – боз үйдө жашап, жылкылары менен малдарын жайып, кыргыздар табийгат менен эриш-аркак жашайт экен. Бул жайлоолор – бир башка таасир берет. Жан дүйнө эс алат, жашоого болгон үмүтүң артат, кыялдарга батасың, эркиндикти сезесиң”, – дейт Стюарт.

Forbes тизмесиндеги эң таасирдүү бизнесмендердин катарына кирген казак бизнесмени Айдан Карибжанов өзүнүн Facebook баракчасына мындай журналдан Кыргызстан жөнүндө макаланын чыгышына абдан таңгалган.

“Бул журнал кымбат туризм жөнүндө. Бул чоң кадыр-баркка тете. Ал журналга жарыкка чыгуу тамаша эмес. Жарнамасынын баасы эле асман чапчыйт. Кыргыздар кантип бул журналга чыга алышты, билбейм, бирок макаланы жайгаштыруу деңгээли өтө жогору”, – деп жазат казак бизнесмени.

“Кыргыздар журналга асмандаган акча төлөгөнбү?” дегендей кыйыткан окшойт казак баур. Болгону америкалык журналист Кыргызстанга суктанып жазганы менен иши жок…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: