Menu

Журналист Айданбек Акматовдон “Кумтөр” аферасын жактаган окумуштуу Аза Мигранянга жооп…

Бөлүшүү:

Бийлик же “Центерра голд инк” Аза Мигранян деген экономисти Кумтөр боюнча жаңы келишимди актоо жана мактоо үчүн жалдаптыр. Экономика илимдеринин доктору Мигранян жаңы келишимден Кыргызстан төрт пайда көрөт деп санап өтүптүр.

Биринчиси, жаңы келишим менен Кыргызстандын терс имиджи оңдолот, инвестициялык климат жакшырат экен.

Экинчиси, Ысык-Көлдө социалдык-экономикалык туруктуулук орнойт экен.

Үчүнчүсү, келишимдин кандай аткарылышын туруктуу божомолдой алат экенбиз.

Төртүнчүсү, бюджетке каражат түшүү уланат экен.

Бул экономист айымдын мактоолоруна жооп берсек:

Төртүнчүдөн баштасак. Кумтөрдө жыл сайын 17-18 тонна алтын алынат. Бул 800 млн доллардын тегерегиндеги каражат. Мына ушунун ичинен бюджетке болгону 80 млн доллардын тегерегинде салык төлөнөт. Калган акчаны “Центерра” чыгарып кетет.

Эл аралык “Міnіng.соm” эсептеп чыккандай, Кумтөрдө 1 унций алтынды казып алууга 553 доллар сарпталат же 1 унций алтындын өздүк наркы 553 доллар болот (айлык акы, салык төлөмдерү, техникаларды иштетүү чыгашаларын кошуп эсептегенде).

Дүйнөлүк базарда 1 унций алтындын баасы болсо 1500 миң доллардан ашып баратат. Быйыл “Центерра голд инк” 565 миң унций алтын казып алууну пландаган. Демек, “Центерра” быйыл Кумтөрдөн 565 млн доллар таза пайда көрөт. Салыштырып көрүңүз: 565 млн доллар менен 80 млн долларды…

Мигранян мына ошол 80 млн доллар күкүмгө кыргыздар ыраазы болуп жата бергиле деп жатат.

Миграняндын калган үч пайдасы жөнүндө сөз кылуу болбогон нерсе. Анткени сени жылаңачтап тоноп жатса, аны токтотууга аракеттенбешиң керек экен, токтотууга аракеттенсең имиджиң бузулат экен. Уурулук улана берсе социалдык-экономикалык туруктуулук орнойт экен. Анан соңунда канча уурдап кетип жатканын божомолдой алат экенсиң…

Айтмакчы, Миграняндын түп мекени Арменияда Амулсара алтын кенин иштетүүгө жергиликтүү калк жол бербей келатат. Экологияны талкалайт деп. Амулсара кенинде 40 тонна алтын бар. Арменияга жакшы киреше убада кылынган. Бирок эл каршы…

Айданбек Акматов, журналист

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: