Бул тууралуу 30-октябрда жактоочу Назира Абдумуминова билдирди.
Анын айтымында, “Кыйноо” беренеси менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине кирген. Бирок шектелип жаткан тарапка бул боюнча билдирме тапшырыла элек.
“Мен жактаган шектүү адамга сурак болгон жок. Көзмө-көз жолуктуруу сыяктуу тергөө амалдары да жүрбөй турат”, – дейт жактоочу айым.
Эскерте кетсек, май айында белгисиз кылмышкерлер ырчынын апасынын үйүн тоноп, 60 миң доллар жана алтын зергер буюмдарын алып кетишкен. Үч айдан кийин шектүү адам колго түшкөн. Ал 24 жаштагы Медет Бейшеков болуп чыккан. Тинтүү учурунда машинесинен далил буюмдар табылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ