Кыргызстандын Европанын 28 өлкөсү менен болгон соода катышы 812 млн 796 миң 682 долларды түзгөн, бул Кыргызстандын тышкы соодасынын жалпы көлөмүнүн 26,66%ын түзөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын отчетунда айтылат.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен болгон тышкы соодасында кыргыз товарлардын экспорту (605 млн 8 миң 498 доллар) европадан келген импорттон (207 млн 788 миң 184 доллар) көптүк кылат. Ошентип экспорт менен импорттун сальдосу – 397 млн 220 миң 314 долларды түзгөн.
Негизинен Кыргызстан Улуу Британияга экспорттогон – тышкы соода көлөмүнүн 18,94%ы (563 млн 969 миң 838 доллар), экинчи орунда Литва – 16 млн 237 миң 410 долар (1,04%), үчүнчү орунда Бельгия – 6 млн 73 миң 121 доллар (0,39%).
Кыргызстанга импорт негизинен төмөнкү өлкөлөрдөн келген: Германия ($45 млн 520 тысяч 154), Франция ($22 млн 761 тысяча 488), Италия ($18 млн 359 тысяч 448), Литва ($15 млн 344 тысяч 220) и Польша ($14 млн 631 тысяча 158).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ