Menu

Коопсуз мектеп жаш муундар үчүн керек

Бөлүшүү:

Жакында борбор калаабыздагы Вridges отелинде Лидер Атуулдук Демилгелер Борбору уюштурган семинар өткөрүлдү. Бул семинарга Чүй облусунун айрым аймактарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышышты. Бул семинарды жогоруда аталган борбордун маалымат компания долбоорунун жетекчиси, координатор Банур Абдиева жана эксперт Альфия Насырова жетектеп, катышуучулардын баарына коопсуз мектеп тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар үч топко бөлүнүп, мектептеги көйгөйлөрдү чагылдырган көрүнүштөр тууралуу таратылып берген сүрөттөр боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү. Ар бир топтогу семинардын активдүү катышуучулары мектептеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу; мектептин айласындагы санитардык абалды көзөмөлдөө жана башка маселелер боюнча кыскача баяндама жасашты. Семинардын катышуучуларына слайд-шоудан архиктектура, дизайн жагынан өзгөчөлөнүп башкаларга үлгү боло турган республикабыздагы айрым мектептердин сүрөттөрү көрсөтүлдү. Семинардын катышуучулары ал сүрөттөрдү көргөндөн кийин окуучулардын коопсуздугу үчүн бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган мектептер салынышы керек экендигин түшүнүштү. Жалпысынан алганда катышуучулар семинардын уюштуруучуларынан жеткиликтүү маалыматтарды алышты. Андыктан коопсуз мектеп курууда эмнелер эске алынышы керек экендиги тууралуу да кыскача айта кетпесек болбос. Экологbялык жактан белгилүү бир талаптарга жооп бере турган коопсуз мектептин имаратында негизинен ыңгайлуу микроклимат түзүлүшү керек. Бул микроклимат-окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу үчүн чоң роль ойнойт. Эгерде ыңгайлуу микроклимат болбосо кабинетте 30дан ашык окуучу көп убакыт болгон учурда аба гигиеналык талаптарга жооп бербей калат экен. Мунун кесепетинен абанын химиялык курамынан тышкары физикалык касиети да өзгөргөндүктөн окуучуларга терс таасирин тийгизгендиктен, алардын мугалимдин айткандарына көңүл коюсунун деңгээлин төмөндөтөрүн баса белгилеп кетмекчибиз. Мындан тышкары ар бир кабинетке коюла турган эмеректер, терезе пар-далар туура тандалашы ке-рек. Мугалимдер менен бирге окуучулардын ден-соолугуна зыян келтире турган, таштанды салынган контейнерлер жайгашкан аянтча мектептин ашканасынан 25 метр аралыкта жайгашканы оң. Мектеп үчүн канализация, суу, жарык, жылуулук маселелери да чоң көйгөй жаратып коюшу мүмкүн. Ошон үчүн мектептин территориясы аркылуу шаардык, же болбосо айылдык маанидеги магистралдык инженердик коммуникациялар өткөрүлбөшү керек. Мектептин коопсуздугу үчүн ички жана сырткы видео көзөмөлдүн болгону ар кандай жагымсыз окуялардын алдын алат. Булардан тышкары катышуучулар өрт коопсуздугу, мектептин айланасын жашылдандыруу боюнча маалыматтар менен камсыз болушту. Семинар аяктаганда жалпы катышуучулар уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдиришти. Уюштуруучулар тарабынан катышуучуларга кошумча маалымат алыш үчүн журналдар таратылды. Эсиңиздерге сала кетсек, мектеп коопсуздугу боюнча мындай семинарлар буга чейин жалпы республика боюнча өткөрүлгөн.

Нуркемел Исаев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: