Мындай көрсөткүч 2019-жылдын тогуз айында байкалды. 2018-жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 7 млн 676 миң 286 долларга кыскарган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын анализинде айтылат.
Негизинен мындай кыскаруу Кыргызстандын экспортту – 22 млн 705 миң 734 долларга азайгандан келип чыккан. Быйыл $99 млн 932 миң 186 түзсө, былтыр122 млн 637 миң 920 доллар болгон эле.
Ал эми Өзбекстан келген импорт 15 млн 29 миң 448 долларга көбөйгөн, 2019-жылы 9 айда – 150 млн 881 миң 998 долларды түзгөн. (2018-жылы – 135 млн 852 миң 550 доллар эле).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ