Бардык окуу жайлардагы жатаканаларда жашаган студенттердин жашоо-шарттары жакшыртылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жатаканаларды жакшыртуу буйрукка Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду. Ал буйруктун негизинде, окуу жайлардын жетекчилери жатакана шарттарын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү. Ошондой эле алар бир жума ичинде жатаканаларды текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча план бекитиши керек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ