Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Торкен айылындагы 1-класстын окуучусу сабалганын Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Алардын айтымында, сабалган бала учурда Бишкекте ооруканада дарыланууда. Аларга атасы билдирген. Атасынын айтымында, баласы катуу токмоктолгон. Баласын ооруканага жаткыргандан кийин, Октябрь райондук милицияга арыз жазган. Арызда баласын 8-класстын окуучусу сабаганы жазылган. Жогорку класстын баласы 1-класстын баласын дүкөнгө кирип бара жатканда чакырып, мектептеги спорт залга киргизип, акча сураган. Жок дегенине карабай, күч колдонуп, чөнтөгүн аңтарып, акча таап алган. Калп айттың деп сабап койгон.
Бул факты боюнча арыз Октябрь райондук милицияга катталып, Токтогул районуна жөнөтүлгөн. Токтогулга жеткен арыз Жоруктар кодексинин 65-беренесинин (“Уруп-сабоо”) негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, баланы урган 8-класстын окуучусу Торкен айлындагы мектепте окуй турганы аныкталган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ