5 миллион сомдон ашуун акча алган алдамчы Кыргызстандык аял Якутиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, 34 жаштагы аял мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ал Ак-Суу районундагы банктардын биринин филиалында башкы адис болуп иштеп турганда үч жарандын 5,3 миллион сомдон ашуун акчасын алып, качып кеткен. Ага чейин каржы мекемесинин кызматкери болуп иштеп жүргөндө да жүздөгөн адамдарды алдап кеткен. Анын үстүнөн алдамчылык боюнча Ысык-Көл ОИИББсине 147 кишиден арыз түшүп, каттоого алынган. Чыгымдын жалпы суммасы 38 миллион сомду түзгөн. Изделип жаткан алдамчы аял кармалып, камакка алынды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ