Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардыгынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн бирдей эске алууну кубаттайт

Бөлүшүү:

Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардыгынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн бирдей эске алууну кубаттайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Президент Сооронбая Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу коллегалар!

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович демилге кылган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунун бардык катышуучуларына салам жолдойм.

Өзбек тарапка меймандостугу жана бүгүнкү иш-чараны мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Былтыр Астанада урматтуу Нурсултан Абишевичтин төрагалыгы астында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи Консультативдик жолугушуусунун тарыхый маанисин белгилеп кетейин.

Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берет.

Биз системалуу саясий диалогду беш тараптуу форматта өнүктүрүүгө кызыкдарбыз.

Ийгиликтүү аймактык кызматташуу биздин көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө жана биздин элдердин жыргалчылыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Достуктун жана ынак кошуналык мамилелердин негизинде туруктуу, ачык жана динамикалуу өнүгүү үчүн бизде бардык зарыл өбөлгөлөр бар деп ишенем.

Биз баарыбыз Россия Федерациясы менен тыгыз мамиле куруп келебиз. Аны менен ар кандай саясий жана экономикалык форматтарда өз ара аракеттенишүүдөбүз.

БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка түзүмдөрдүн алкагында биз окшош позициялар менен чыгып жатканыбызды канааттануу менен белгилейм.

Аймактын кызыкчылыгын биргелешкен өз ара ишеним жана колдоо менен эл аралык жана аймактык уюмдарда жылдыруу керек.

Биздин өлкөлөрдүн ортосунда Борбордук Азияда кызматташуунун механизмин реформалоо боюнча туруктуу аянтча түзүлө баштаганын толук ишеним менен айтса болот.

Бул жолугушууларда аймактык өнөктөштүк маселелердин бардык спектрин чечишибиз керек.

Урматтуу достор!

Борбордук Азиядагы интеграция биргелешкен экономикалык мүмкүнчүлүктү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чоң мааниге ээ.

Ошону менен бирге бул мүмкүнчүлүктөрдү тоскоолдуктардан улам толугу менен пайдалана албай жатабыз.

Өлкөлөр арасындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн бойдон калып жатат.

Кээ бир азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салынып, чек арада жүктөрдүн документтерин даярдоодо бюрократия орун алууда.

Биздин өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерге чектөөлөр жана пошлиналар терс таасирин тийгизип жатат.

Адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюшубуз зарыл.

Тиешелүү мамлекеттик органдар өз ара пайдалуу соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек.

Баарынан мурда — өз ара соода жүгүртүүнү өстүрүү, эркин соода режимдин толук иштешин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү керек.

Бир жагынан — төмөнүрөөк бааларды жана акциздерди белгилөө боюнча кызматташуубуз аймактын ичинде чыгымдардын кыскарышына алып келиши мүмкүн.

Экинчи жагынан — бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, товарлардын чек арадан өтүшүн жеңилдетип, тоскоолдуксуз транзитти камсыз кылып, логистиканы жакшыртуу зарыл.

Ошондой эле ишкердик субъектилер жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда ар кандай биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен кызматташууну өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз.

Аймактагы өлкөлөр Кыргызстан үчүн соода-экономикалык тармакта артыкчылыктуу өнөктөштөр болуп саналат.

Аймактагы соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин эске алуу менен Кыргызстан өз рыногун Борбордук Азиянын товарлары үчүн ачык бойдон калтырат.

Ошол эле учурда биз да өзүбүздүн продукцияны өз ара пайдалуу шартта экспорттоо үчүн өнөктөш-өлкөлөрдүн рыногуна эркин кирүүгө мүмкүнчүлүк алууну күтөбүз.

Кыргызстан аймактардагы өлкөлөрдөн инвестицияларды тартууга кызыкдар.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биздин экономиканын бардык секторлору тоскоолдуксуз ачык.

Урматтуу достор!

Дүйнөдө жыл сайын климаттык өзгөрүүлөр жогорку даражада пайда болуп жатат.

Азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын эсепке алышууда.

Биздин тоолор аймактагы суу ресурстарынын 45% түзөт.

Жакынкы убакта биз дарыялардагы суулардын деңгээлинин азайуусунун реалдуу көйгөйүнө туш болобуз.

Жыйынтыгында бул Борбордук Азиянын экологиясына, биргелешкен экономикалык долбоорлорго терс таасирин тийгизип, ири ГЭС дараметин сезилээрлик азайтат.

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн кескин азайуусу боюнча айтылган сөздөрдүн жалпы аймак үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык кесепеттери бар.

Мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты баштоо зарыл.

Буга байланыштуу Борбордук Азиядагы суу ресурстарын чогултуу үчүн өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча күчүбүздү бириктирүүнү сунуштайм.

Биз төлөмдөргө, сактоо, сууну жеткирүүгө кеткен чыгымдар тийиштүү негизде кайтарылат деп эсептейбиз.

1998-жылдагы компенсациялоо механизмдерин караган Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы Нарын-Сырдарья дарыяларынын суу-энергетикалык ресурстарын колдонуу жөнүндөгү Макулдашуу алкагындагы кызматташтыкты калыбына келтирүүгө чакырам.

Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта аймактагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын жана керектөөсүн тең эске алат.

Мындан улам Аралды коргоо эл аралык фондун комплекстүү реформалоо бул максатка толук даражада жооп берет.

Аймактагы биздин өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү үчүн суу-энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүдө алдыга жылууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенем.

Кыргызстан суу-энергетикалык ресурстарын өз ара пайдалуу колдонуу максатында аталган көйгөй боюнча конструктивдүү пикир алышууга даяр.

Транспорттук-коммуникациялык коридорлор системасын өнүктүрүү, Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы рынокко чыгуусун камсыз кылуу аймак үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Бизди дүйнөлүк рынок менен байланыштыруучу транспорттук-коммуникациялык тармакта ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү.

Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ.

Буга байланыштуу эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизге мүмкүн болгон бардык багыттардагы транспорт-транзиттик коридорлорду өнүктүрүү боюнча биргеликтеги иштерди улантуу зарыл.

Аймактагы оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртууну же тараптардын аймактары боюнча транзиттин тартибин жеңилдетүүнү сунуштайм.

Кыргызстанда жаңы жолдорду куруу, азыркы жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен транзиттик потенциалды жогорулатуу актуалдуу.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 13 магистралдык автоунаа жолдорунда курулуш иштери жүрүүдө.

Жол тармагындагы эң ири долбоор — бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу.

Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Европа жана Азиянын ортосундагы өз ара байланыштыруучу көпүрө катары аймактын транзиттик дарамети сезилээрлик жакшыртат.

Урматтуу достор!

Маданий-гуманитардык тармакта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилейм.

Ал биринчи кезекте бирдиктүү маданий-маалыматтык жана илимий-билим берүү мейкиндигин сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган.

Улуу Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн келтиргим келет: „Тарыхый жалпылаштык, тилдердин окшоштугу, жалпы салт-санаалардын болушу бизге биргеликте жаңы дүйнө, бирдиктүү цивилизациялуу коом курууга эсепсиз мүмкүнчүлүктөрдү берет“.

Биз бардыгыбыз биргеликте улуттар аралык маданий диалогго көмөктөшүүбүз керек.

Маданият күндөрүн өткөрүү, маданий фестивалдар, көргөзмөлөр, илимий иликтөөлөргө өз ара катышуу практикасын улантуу маанилүү.

Бул бизге Борбордук Азия элдеринин гуманитардык мурасын сактап, өнүктүрүүгө жардам берет.

Урматтуу коллегалар!

Афганистанда жана Жакынкы Чыгыштагы абал, Ислам мамлекети жана аймактагы башка радикалдуу топтордун идеологиясын жайылтуу терең тынчсызданууну жаратып жатат.

Биздин мекендештерди жалданма террористтердин катарына тартуу жана активдүү пропаганда биздин аймак үчүн тынчсыздандыруучу фактор болуп жатат.

Активдүү биргелешкен аракеттер менен гана биз эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучуна туруштук бере алабыз деп ойлойм.

Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыздоо керектигине бекем турат.

Бүгүнкү күндө эң негизги маселелердин бири чек араларыбызда өз ара түшүнүшүү жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Буга байланыштуу мамлекеттик чек аралардын укуктук каттоосун тез арада жыйынтыктоо боюнча биргелешкен жумушту улантуу зарыл.  Бул жумуштун татаалдыгына карабастан, алдыга жылып, компромисс издешибиз керек. Туруктуулукту сактоо жана чек араларда өз ара ишенимди мындан ары бекемдөөгө бардык аракеттерди көрүү маанилүү. Биздин чек ара жана бажы структуралар, коопсуздук жана ички иштер аймактык органдары, бийликтин жергиликтүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырам.

Урматтуу коллегалар!

Сөзүмдүн аягында дагы бир жолу Шавкат Миромоновичке биздин жолугушуубузду уюштурганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Биз ишенимдүү маанайда биздин аймактык кызматташтык маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалог жүргүздүк.

Белгиленген позитивдүү аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейм.

Буга байланыштуу Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даярдык билдирем».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: