Бүгүн, 3-декабрь – майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкекте фестиваль жана көргөзмө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, Бишкектеги фестиваль жана көргөзмө “Sheraton” мейманканасында болот, ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышат.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып каттоодо, анын 29 миңден ашууну 18 жашка чейинкилер. БУУнун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленип келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ