Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Атамбаевдик режим эл колдоосуна ээ эмес, эми ал “каралар” менен алака түзүүдө”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад жергесинде “КСДП” партиясына элдин ишеничи жоголду, буга 2017-жылдын 11-январында болгон Жалал-Абад шаардык Кеңешинин сесеиясында “КСДП” партиясы менен ага жан тарткан “Кыргызстан” партиясынын көпчүлүк добушка ээ боло албай, оппозицияда калышкандыгы далил болот. Көпчүлүктүн аталган партияларга ишеним көрсөтпөй калышкандыгынын дагы бир себеби, Жалал-Абад облусунда Атамбаевдин командасы жалаң ууру-кески адамдардан түзүлгөн. Алар бийликтеги ар кыл кызматтарды ээлешип, түркүн мыйзамсыз иштерди кылышып, калкка жек көрүндү болуп бүтүштү, керек болсо, элге залал келтирип, запкы тарттырышууда.

2017-жылдын 25-январында Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо учурунда, айыл өкмөттөн 40 чакырым алыстыкта турган Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Март, Ак-Тоок кыштагынан Самидинов Санжар аттуу айтылуу Жаныш Бакиевдин жан жигити баштаган 400гө жакын “Спортсмен”, “Кара” деп аталышкан кылмыштуу топтор келип, шайлоо участкасын күч менен үч айланта курчап, опузалоо жолу менен депутаттарга кысым көрсөтүп, өздөрүнүн талапкери Самидинов Нурбекти өкмөт башчылыгына   шайлап алышты.

Эн кызыгы Сузак райондук администрациясынын кызматкерлери , Аймактык шайлоо комиссиясы, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коркутуу жана күч колдонуу менен мыйзамсыз шайлоо процесси жүрүп жаткандыгына карабастан эч кандай чара көрүшкөн жок. Демократиянын улуу дөөлөттөрү тебеленип, шайлоо иштери дал ушундай ыргак менен улана берсе, көпчүлүк элге “бандиттер” кысым көрсөтүп жатса да, күч органдары үн ката албай, башын жерге салып, шылкыйып турса, демек, мамлекеттин бандиттик башкарууга өткөндүгүнүн белгиси эмеспи. Шайлоо ырасында тазалыктын, жарандардын үнү болууга тийиш, шайлоо бул – келечектин тагдырды чечүүчү кадамы.

Мыйзамды одоно бузуп, таламандын так түшүндө жүздөгөн жарандарды каратып туруп,  көпчүлүктү көзгө илбей, “каралар” депутатты алка-жакадан алып, машинеге салып, уурдап кетишкенде, РИИБнин начальнигинин буйругу менен бир сааттын аралыгында “ичи ооруду” деп алып келишти. Укук коргоочулар, активисттер биринчи тур, экинчи тур бүткөнчө толук кандуу катышып, өздөрү шайлоо болгон жерде күбө болушкан. Укук коргоочулар айткандай, биз мыйзамдуу демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз. Бирок, мындай коомго жат көрүнүштөр биздин мамлекетибиздин демократиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттик кызматта иштеген жаран гана айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат деп ак-кара менен бадырайып жазылып турат. Ал эми баскынчылык жол менен “утушка ээ болдум” деген Самидинов Нурбек эркин күрөштүн машыктыруучусу болуп жүргөн. Бул  спортчулардын “карага” айланганын күбөсү деп айтсак жаңылбайбыз. Күчтү, амалды колдонуп, кызматка келүү коомчулукка өтө чоң коркунучту жаратат. Бийлик “караларды” баш көтөртүп, колдоп, жактап, мыйзамсыз жоруктарын көрсө да, көрмөксөн болуп, кайдыгер кол шилтеп олтурса, ашмалтай башкаруу өкүм сүрөрү щексиз. Каралардын көпчүлүк жарандардын укуктарын тебелеп, зордук-зомбулук менен ”мага добуш бересиң” деп мыйзамды одоно бузуп, шайланып алгандары жакшылыкка алып келбейт. Ансыз деле Атамбаевдин тандаган кадрлары, күч менен, мыйзамсыз амалдар менен кызматка келген бийлик, мамлекеттин ашмалтайын ансыз да чыгарды. 2010-жылдын апрелинде келечек үчүн жанын берген кайран жигиттердин арбактарын ажо Атамбаев алдап отурат. Мамлекеттик төңкөрүштө бейажал курман болушкан Кыргызстандын кырчындай уулдарынын арбактары  эч качан ыраазы болбойт.

Качкынбек.Булатов, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: